"Талибан" кыймылы ооган айымдарынын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салат. Бул тууралуу аталган кыймылдын маданият тармагынын жетекчисинин орун басары Ахмадулла Васик телеканалдардын бирине берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ахмадулла Васиктин айтымында, спорт айымдар үчүн анчалык деле маанилүү эмес.
"Азыр массалык маалымат каражаттарынын доору. Аларда жарыяланган видео, сүрөттөрдү бардык адамдар көрүп турушат. Ислам өлкөсү аялдарга денеси ачык кийим менен крикет ойноого жана деги эле спорт менен алектенүүгө тыюу салат. Анткени аялдардын спорт менен алектенүүсүнө эч кандай зарылчылык деле жок", - деп билдирген Ахмадулла Васик.
Ооганстандын крикет боюнча кыз-келиндер командасы ушул жылдын аягында Австралиядагы мелдешке катышмак. Бирок "Талибан" кыймылы оогандык спортчу кыз-келиндер эч кандай мелдештерге барбай турганын билдирген.
"Ислам өлкөсүндө крикетке да, башка спорт түрлөрүнө да аялдардын аралашуусуна жол берилбейт", - деп белгилешкен алар.