Ысык-Ата районунда арактын айынан бир жаран экинчисин таш менен башка чаап өлтүргөн

Үстүбүздөгү жылдын  2-ноябрь күнү Ысык-Ата  РИИБине  райондук  ооруканага  30-35 жаштар  чамасындагы  белгисиз адамдын жансыз денеси алынып  келингени туурасында  маалымат келип  түшкөн. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында ошол эле  күнү  кылмышка  шектелип,  1977-жылы  туулган Ысык-Көл облусунун  тургуну  Ж.Ж. кармалган. Анын  айтымында, 2-ноябрь күнү экөө арак  ичишкен. Анан алардын  ортосунда  уруш  чыгып,    кылмышка  шектелип  кармалган Ж.Ж. берки шеригин  таш менен  башка  чаап  салган.  Катуу  жарааттан  улам   жабырлануучу  каза  тапкан. Учурда  КРнын  Кылмыш-жаза  кодексинин  104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча  кылмыш  иши  козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMU89
2013-11-05 10:19:26
Arak ichip arstan bolup kalat chirkinder, sen kyiyn, men kyiyn bolso kerek. Kolu m.n kylgan iwti, moinu m.n tartat.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан