Ооганстандын Кабул шаарына Кыргыз өлкөсүнүн аскердик учагы чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн келди. Бул тууралуу "Sky News Arabia" басылмасы билдирген.
Маалыматка ылайык, борт 200гө жакын чет элдик жаранды алып кетет, алардын арасында америкалык жарандар да бар.
Буга чейин эл аралык ЖМКлар "Талибан" кыймылы 200гө жакын чет элдик жаранды (арасында америкалык жарандар да бар) Кабулдан Катар өлкөсүнө эвакуациялоого уруксат бергендигин жазышкан. Мындан улам Катар өлкөсүнүн учагы жиберилери күтүлүп жаткан. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн Кабулдун аэропортуна конгон учактан Кыргыз өлкөсүнүн желегин байкашкан. Ошондой эле учакта Ооганстанга гуманитардык жардам катары жүк да келгендиги айтылат маалыматта.