Биз социалдык тармакта

Владимир Путиндин мигранттар боюнча жарлыгынын мөөнөтү 30-сентябрда бүтөт. Орусиянын министрлиги элчиликке коңгуроо какты

2021-жылы элчилик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Кыргыз жарандарына 19 миллион 406 миң 164 рубль өлчөмүндө эмгек акы төлөнгөн. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.
Билдирүүгө караганда, консул Алмаз Букалаев Москва шаары боюнча тергөө комитетинин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчилиги менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жолугушуп, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу маселелерди талкуулашты.
"Тараптар Кыргыз жарандарынын Орусиянын миграциялык мыйзамдарын сактоосу, кылмыштуу экстремисттик жана террордук багыттагы уюмдардын ишине катышуусуна жол бербөө маселеси боюнча профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү макулдашты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Владимир Путиндин жарлыгынын колдонуу мөөнөтү аяктап жатканын эске салды. Ошондой эле Кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагында болушун мыйзамдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 30-сентябрында Владимир Путиндин "Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) таралуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" (чет өлкөлүк жарандарды Орусиядан чыгарууга мораторий) жарлыгы 30-сентябрда күчүн жоготот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Apyn8793
2021-09-10 00:15:11
Документ жокто кууратышат экен да эми менттер
+1
Baiaman997
2021-09-10 00:23:43
Apyn8793,жасатып алда, убакыт берип жатканда
+3
nurdan2018
2021-09-10 04:05:56
Биздин кыкен кичинекейби же орустар слишком эле здоровыйбы?
+1
almanbetperm
2021-09-10 09:01:06
nurdan2018,кыке слишком кичине
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан