Ош шаарында турак үйлөрдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.
Маалым болгондой, Ош шаарындагы Муса Жалил көчөсүндө жайгашкан эки турак үй жана Латипжанов көчөсүндө жайгашкан дагы эки турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 15:19да жалпы 8 бөлүм, 1 штаб, ыкчам топ, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
"Өрт саат 15:57де чектөөгө алынып, саат 19:05де толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн себеби такталууда, жабыркагандар жок", - дешти мекемеден.
Буга чейин Ош шаарында
2 турак үй күйүп жатканы кабарланган.