"Victoria's Secret" компаниясынын (айымдар үчүн ич кийим, купальник, косметикалык каражаттар, парфюмерия, аксессуар саткан дүйнөдөгү белгилүү компания) периштеси аталган 30 жаштагы модель Жасмин Тукс "Snapchat" компаниясынын 31 жаштагы директору Хуан Давид Боррерого турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, үйлөнүү тою Эквадордун борбору Кито шаарындагы чиркөөлөрдүн биринде өткөн. Маалым болгондой, түгөйлөр 2016-жылы таанышкан.