Кыргыз жергесине Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. Ал соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышарын министрлер кабинетинин маалымат кызматынан белгилешти.
Иш сапарга келген кесиптешин "Манас" эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.
Белгилей кетсек, Бишкекте 10-сентябрда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.
Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.