Бириккен улуттар уюму талибдер менен болгон диалогду колдоого чакырды

Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш дүйнө коомчулугун Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы менен болгон диалогду колдоого жана улантууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Башкы катчы мындай кадам “миллиондогон өлүмдүн” алдын аларын белгилеген.

“Өз принциптерибизди баса белгилөө менен биз талибдер менен болгон диалогду колдошубуз керек. Мындай диалог ооган элине болгон тилектештик үчүн жүргүзүлүшү кажет”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле Ооганстандагы абал кандай өңүттө уланарын алдын ала айтууга мүмкүн болбогондуктан талибдерди сүйлөшүүгө чакырыш керектигин кошумчалаган.

“Эгер биз Ооганстан террорчулуктун борбору болуп калышын каалабасак, эгер ооган айымдары мурунку замандарда ээ болгон укуктарын жоготуп алуусун каалабасак, ошондой эле аталган өлкөдөгү ар кайсы этностук топтор өз кызыкчылыктары корголуп жатканын сезүүсүн кааласак, анда жогорудагыдай кадамды колдоого тийишпиз", - деп белгилеген Антониу Гуттериш.

Мындан тышкары айтылган талаптар аткарылса, башкы катчы жеке өзү Ооганстанга барып келүүгө даяр экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alimbek94
2021-09-10 10:48:43
Динди шылтоо кылып аялдардын башын тумчулаганды токтоткула.
-2
Mister-XXX
2021-09-10 15:50:01
alimbek94,Ооба,талибдерге сени айтты деп,сөзүңдү айттырып коебуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан