Футбол: 23 жашка чейинки Кыргыз курамасы Бангладешти жеңип алды

Футбол боюнча 23 жашка чейинки Кыргыз курамасы Бангладеш курамасын 3:2 эсебинде жеңип алды.

Оюн жолдоштук беттештин алкагында кечээ, 9-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү. Кыргыз курамасынан голдорду Аманжан Жаныбек уулу, Гүлжигит Бөрүбаев жана Максат Алыгулов киргизди. Ал эми коноктордон Суман Реза аттуу футболчу 2 гол киргизген.

7-сентябрда "Үч улут Кубогунун" алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Бангладешти 4:1 эсебинде жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uz.nookat
2021-09-10 10:06:18
Супер кж эмнеге онлайн алып бербей жатасынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан