Молдовада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кайрадан карантинтик чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.
Жаңы чектөөлөргө ылайык, жашоочулар түнкү клубдарга, кинотеатрларга, концерттик залдарга жана башка маданий иш-чараларга вируска каршы эмделгендиги тууралуу сертфикаттын же антителонун бар экендигин тастыктаган сертификаттын негизинде гана киргизилет.
Карантиндик чектөөлөр 30-октябрга чейин уланары кабарланды.
2 жарым миллиондон ашык калкы бар Молдова өлкөсүндө акыркы аптада вируска чалдыккандардын саны 26 пайызга өскөн. Алардын 80 пайызы коронавируска каршы эмдөө албагандар экендиги айтылган.