Бишкектин Октябрь районунда казылган чуңкурга 15 жаштагы К.Б. аттуу өспүрүм кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдү чуңкурдан чыгарууга 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар өспүрүмдү чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.