Ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насипти туулган күнү менен куттуктап, соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Ошондой эле сүрөттөр менен бөлүштү.
"Кызымдын камкор атасы, туулган күнүң менен! Жашоодо кандай статуста болбойлу, кызыбыз үчүн дайыма ата-эне статусунда калабыз. Өзүмө каалаган бүт жакшылыктарды сага да каалайм. Мындан кийин да сени колдоп, жашоодогу бүт бакытты, жакшылыктарды каалап, кызым экөөбүз сенин ийгиликтериңе кубанып гана жүрө берели", - деп жазды ырчы айым.
Белгилей кетсек, эстрада ырчысы Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 31 жашка толду. Ал ырчы айым Асел Кадырбекова менен 2018-жылдын башында баш кошуп, ушул жылы эки башка жолго түшүшкөн. Алардын Дария аттуу бир кызы бар.