Ош облусунун Кара-Суу районунда Кең-Сай айылында дааратканага 2 жашар кыз түшүп кетип, каза болуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дааратканага 2 жашар Н.А. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин эле кыздын жансыз денесин туугандары чыгарып алышкан.