Кара-Кулжада өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан үйдөн 2 баланы алып чыгып, куткарып калышты

ӨКМнын Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы өрткө каршы кызматынын кызматкерлери кечээ, 4-ноябрда Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында өрттөнүп жаткан үйдөн 2 баланы алып чыгып, куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМнүн басма сөз кызматы бүгүн, 5-ноябрда билдирди. 

Маалыматка караганда кечээ, 4-ноябрда саат 20:44тө аталган райондун өрткө каршы кызматына Кара-Кулжа айылындагы бир үй күйүп жатканы боюнча кабар түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр аталган дарекке саат 20:48де жетип, өрттөнүп жаткан үйдөн 4 жаштагы Касым кызы Аймира менен 1 жаштагы Касым  уулу Бексултанды алып чыгышкан. Өрт учурунда үйдүн кожойкеси жок болгон. Өрт үйдөгү мешти жана морду туура эмес орнотуудан келип чыккан. Натыйжада үйдүн шыбынын 14 чарчы метри өрттөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан