Бүгүн, 10-сентябрда кыргыз эстрада жылдызы Нурлан Насип 31 жашка чыгып жаткан убагы. Ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, Жалал-Абадга маанилүү бир иш-чара боюнча кетип жатканын билдирип, өмүрүндө алгачкы ирет өздүк майрамын аталган аймакта белгилей турганын билдирди.
"Туулган күнүм кечинде эле башталган. Үйдөн ата-энем концерттен келсем, көңүлдү көтөрүп тосуп алышты. Андан кийин чыгармачылык досторум сюрприз даярдап, бир жакшы жерге чакырып, ошол жакта болдук. Туулган күнүмдү ар жылы үй-бүлөм, жакын досторум менен чогуу өткөрүп келем. Бул күндү жакшы маанайда өткөрүү жакшы нерсе деп эсептейм", - деп билдирди.
Ошондой эле 31 жаш курагын эң алгачкылардан болуп жакын досу Нурмат Садыров куттуктаганын кошумчалады.
Ырчы Нурлан Насип 1990-жылы 10-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. 2 эжеси, 1 агасы жана 1 карындашы бар. Ал өзү туулуп-өскөн айылдагы Курама уулу Турусбек атындагы орто мектепти бүтүргөн соң, борбор калаадагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттуу аспаптар бөлүмүнө тапшырып, 2010-жылы аяктаган.
Алгач чоң сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыккан. Ал эми алгачкы жеке концертин 2011-жылы тартуулаган.
Эстрада жылдызы 4 жолу катары менен (2011, 2012, 2013, 2014-жылдары) "Жылдын мыкты ырчысы" наамын жеңип алган.