Ысык-Көлдө велосипедден улам чыккан чырдан 37 жаштагы жаран каза болду

Ысык-Көлдө ортодо чыккан чырдан улам 37 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 7-сентябрь күнү саат 11:00 чамасында Ысык-Көл ОИИБине аймактык ооруканага оор жаракат алган 37 жаштагы жаран келип түшкөндүгү тууралуу маалымат берилген. Көп өптөй жабырлануучу ооруканада каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Алгачкы териштирүү ишинде каза болгон С.Ю. Ананьево айылынын тургуну болгондугу аныкталган. Ал таанышы А.У.нун велосипедин сурап кетип, эртеси башка айыл тургунуна 500 сомго сатып жиберген. Эртеси, 7-сентябрь күнү велосипеддин ээси ичимдик ичип алып аны менен сүйлөшүүгө келген. Экөөнүн ортосунда чыр чыгып, жабырлануучунун денесине оор жаракаттарды келтирген.

Тергөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү 4 жаран кармалган. Алар алгачкы суракта күнөөлөрүн моюнга алган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Janym_ata_enem
2021-09-10 12:54:07
Акыркы суроттогу бала жакшы иш кылгансып суйунотко...
+6
KG-312
2021-09-10 12:55:31
Кебетелерин карачы борматухалардын)).
+2
Jacob.
2021-09-10 13:02:00
KG-312, чегип алса керек да)))
+2
Mister-XXX
2021-09-10 15:56:25
Ошондо каза болгон адам велосипедди сурап алып,башка бирөөгө сатып жиберген болуп жатабы?Жакшылык кылса,кайра жамандык кылган экен да.Булар ачуусу менен каттуу токмоктоп коюшса керек.
0
Ala.too.456
2021-09-10 16:00:24
Ииий, моул акыркыдагы бала жаамман эле бактылууго....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан