Ысык-Көлдө скутердин ээси чет өлкөлүк жаранды сабап жаткан видеосу тарады

Ысык-Көлдө скутердин ээси чет өлкөлүк жаранды сабап жаткан видеосу соцтармактарда тарады. Окуянын видеосун жарыялаган автордун айтымында чет элдик жаран скутердин бузулганынан улам ур-токмокко алынган.

"Бүгүн ушундай бир маданиятсыздыкка күбө болдук. Скутердин ээси колдонуу эрежелерин өзү да түшүндүрө албагандыктан (чет өлкөлүк жаран англис тилинде сүйлөйт) чет элдик жаранды ур-токмокко алып кирген. Ошондой эле аны жергиликтүү райондук ички иштер башкармалыгына алып бара турганын айтып коркуткан. Биз жардамга чуркап барып, жагдайга күбө болгондон кийин скутердин чыпкасы кумдун айынан гана бүтөлүп калганын түшүндүк. Бир топко чейинки тартышуудан соң ал чет элдик жаранды 5000 сом төлөтүп, коё берүүгө макул болду.

Мындай көрүнүштөрдөн кийин биздин өлкөгө келүүнү ким кааласын? Ушундай жагдайларда дароо эле сабап кирүүдөн пайда чыкпасын түшүнүү үчүн дагы канча убакыт керек бизге?", - деп жазып калтырган видеонун автору.

Ал эми бул боюнча Ысык-Көл ОИИБине байланышканыбызда аталган окуя боюнча эч ким арыз менен кайрылбаганын билдиришти. Башкармалык да ал маалыматты интернет булактарынан көргөнүн жана тез арада териштирүү үчүн кызматкерлер жөнөп кеткенин кошумчалады.

Ысык-Көлдө скутердин ээси чет өлкөлүк жаранды сабап жаткан видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2021-09-10 13:41:49
Жапайылар!
+10
emirchik
2021-09-10 14:06:09
Созсуз жазаланыш керек и кечирим сураш керек Анан мындай айбандар мындай жерде иштебеш керек сылык мамиле жасаган адамдар иштеши керек
+13
Dembele84
2021-09-10 14:07:45
Ушинтип журсо кайдагы туризм,кайдагы онугуу?
+12
bond02
2021-09-10 14:20:34
Ырас кылат, туризмди онуктуробуз деп жатып колду булгай турган болдук, бироонун буюмун колдонгонду билбесе ошол жердин маданиятын сыйлабаса турист деп эле моюнга мингизип алыш керекпи.
-11
Omyke
2021-09-10 14:45:08
Туура кылат колго келип самынданып жышынып жуунуп атса сабайт да
-4
Milduri
2021-09-10 15:18:29
Эшшек десе жапайы,сразуле сабаганы жеткен тупой, маңкуртчулук.
+6
Antiradikal3
2021-09-11 00:13:45
Озу карангы, сабатсыз, мээси иштебеген элбиз. Кайдагы туризм? Кайдагы онугуу? Турист келсе туристтер таштаган акча байлардын гана чонтогуно тушот. Кайсы карапайым жарандын кол жээгинде жеке менчик санаториясы, мейманканасы, коттедждери, скутерлери бар? Байлардын гана! Ал байлар казынага жарытылуу салык толойбу? Жок! Турист келип колду, айлана-чойрону булгатайбы? Булгайт! Анда туристтердин келишине эмнеге кызыкдарсынар? Аткылачы? Колду булгап жатса, казынага акча тушпосо?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан