Адахан Мадумаров: "Эң кызыктуусу Садыр Жапаров кармалганда эмне деген жапайычылык деп бийликке кайрылгам"

"Садыр Жапаров кармалганда ошол кездеги бийликке эмне деген жапайычылык? деп кайрылгам" дейт "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына берген билдирүүсүндө.

"Айланайын кыргыз, бири-бириңди душман тутуп, бири-бириңди жоо сайгандай сайганды токтотпойсуңбу?! Ушул төрт бийлик ушундай кемчиликтерди жасап таяк жебеди беле! Эң кызыктуусу мына ушундай жапайычылыкка кантип бардыңар деп Садыр Жапаровду кармаганда кайрылдым эле бийликке.

Эң өкүнүчтүүсү эми ушундай кайрылуу менен Садыр Жапаровго кайрылып жатам. Токтотуш керек мындай акмакчылыкты. Жалгыз эле кызга эмес, кыргыз жаранына, пендеге мындай мыкаачылык жасаштын кажети жок. Акыры жакшылыкка алып келбейт", - деди Мадумаров.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-09-10 16:05:50
Кармалсын
+1
gitaris93
2021-09-10 16:45:15
Мадумаров камалсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан