Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты

Бүгүн, 10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

Анда Орозайым Нарматованын жасаган иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендиги айтылган.

Ошондой эле Орозайым Нарматова ИИМдин тергөө кызматынын тапшырмасы менен кармалгандыгы билдирилди.

"Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган укукка каршы аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча интернет тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгында, Москва шаарында “Мен макул эмесмин” жана “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Орусия Федерациясында акыркы жылдары эмгек миграциясында жүргөндүгү, бул жылдар аралыгында аталган кыймылдын мүчөлөрү менен маал-маалы менен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүп келгендиги аныкталган. Бул өткөрүлгөн иш-чараларда Орозайым Нарматова эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын арасында нааразычылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген.

Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо жана терс чакырыктарды жасаган белгилер бар. Анын акыркы ишмердүүлүгү региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталгандыгын күбөлөндүрөт.

Топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
ruslanz
2021-09-10 14:38:05
Жаманбы жакшыбы С.Ж президент да, аны кайра-кайра "зек" деп. Сынды туура, орду менен айтса тузолот да акылы бар киши, анан кемсинте бериш кантип болсун.
+15
Kuban-1207
2021-09-10 14:53:18
Бул катынды камагыла оозу менен орок оргон шүмшүк катын
+8
Akjol18
2021-09-10 14:53:37
Сөз эркиндиги деп,оозубузга келгенди сүйлөп далилибиз жок эле эч кимге баш ийбей калдык.
Чегине жетип келдик,жооп беришибиз керек айткан сөздөрүбүзгө.Негизи мыйзам күчүнө кирип туура иштесе журналистерибиз дагы иргелип чыныгы кесипкөйлөр калат беле.
+13
alinsan
2021-09-10 15:33:40
мен ал кыз эмне деп айтканын билбейм, ошого эмне учун кармаганын да билбейм бирок чектен аша чаап суйлогон болсо (зек деди деп атпайбы бироолор) анда тизгинин тартып коюш керек.
+11
Ela93
2021-09-10 15:45:18
Эн туура! Мадумаров жаш балдар,кыздарды колдонуп жатат! Бийликке жетиш учун! Орозоайым адашты! Камалганы туура!
+12
alimbek94
2021-09-10 15:49:35
Бул кызды кое бериш керек. Киши олтургон жок.
-10
Future11
2021-09-10 15:53:21
Чындыгында мен бул айым жөнүндө, жана анын ишмердүүлүгү тууралуу эч кабарым жок. Бирок азыркы бийлик терс сын пикир айткандарды,оппозициячыл маанайдагы активисттерди камап жатканы бул факт! Бул авторитардык режим, Диктатуранын белгиси. Мен С.Ж го башынын эле нейтралдуу көз карашта болчумун. Бирок 1 жыл башкарган сон ишенимим такыр калган жок. Эгер бул кетиште дагы улана берсе Бакиевдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн
0
IOA
2021-09-10 16:27:58
Кампиш керек ошондо билет зэкти
+4
Nur-sultan
2021-09-10 17:19:52
Эшекти - эшек, малды - Мал дейт.
Зекти - зек дейт. Анын эмнеси бар экен. Бул бийлик көзүн май баса баштады
+4
Ela93
2021-09-10 17:40:07
Nur-sultan,кайсы жерин куйуп жатканын билебиз!
+1
Antiradikal3
2021-09-10 18:41:34
Мына сага. Жапаров менен Ташиевдин конулда жаткан дакснсалары майрамдап чыгышыптыр го..... Баракелде. Булар швйлоодо намысын 1000 сомго саткан намысы жоктордон айырмасы жок. Жердеш, тууган, акыры келип жугунду учун даканса болуп бийликтин камчысын чаап жургон байкуш доопарастар. Дакансаларга ушул аныктама чындыкка эн жакыны...

Эми Нарматовага келсек анын кайрылуулары кызыксыз. Бийликти сындап келет, бирок чектен аша чапкан жерлери бар. Бирок эскертуу жетиштуу болмок.
-2
Antiradikal3
2021-09-10 18:45:41
Адам олтуруу, адам уурдоо, опузалоо, уруп-сабоо сыяктуу жуздогон миндеген кылмыштардын башында турган криминалдар камалганынан бошогону тез болду. Ондогон жуздогон миллион долларларды уурдагандар сотто кайра акталып же уй камагы деген шылтоо менен каалагандай ээн-эркин жургондору ошончо. Мына ошолорду коро туруп, Жапаров менен Ташиев криминал менен да, коррупция менен да курошпой шоу уюштуруп, ал эми озун сындагандарды камап жатканы кулку келээрлик корунуш эмеспи?!
0
Isken90
2021-09-10 21:40:08
Создун кыскасы Бийликтин кучу эч нерсеге жетпеди Камчыны камап койо берди Бабанчик машеникти койо берди Раимди койо берди кыз балага кучу жети
+1
Nurlan1982
2021-09-10 22:21:04
Мыйзам чегинде куноосу болсо жооп бериш керек.
+2
kazakov1991
2021-09-11 01:12:44
Региондор аралык кастыкты козутуу эмес С.Жапаровту сындагандыгы учун кармадык десе туура болмок, Жапаровко тил тиш тийгизиш мумкун эмес деген мыйзам жазыш керек окшойт лигитимсиз парламент колдоп бере берет алар мыйзам эмне экенин тушунбойт
-1
AZIK01
2021-09-11 10:42:19
Акчага сатылганда бул.... Акча карап суйлойт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан