Министрлик: "Жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет"

Жаңы окуу жылында окуучулар мектепке ак жана кара түстөгү классикалык форма киет. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Быйылкы окуу жылында пандемияга байланыштуу окуучулар мектеп формасын кийүүгө милдеттүү эмес, бирок бул таптакыр эле эркиндик берилет дегендик эмес. Мектеп окуучулары ак-кара түстөгү кийим кийиши зарыл. Кызыл-тазыл түстөгү кийимдерди кийүүгө болбойт. Андан сырткары хиджаб кийүүгө да болбойт. Анткени бул мектеп формасы эмес. Ал эми такыр болбогондорго башына ак түстөгү жоолук салынууга уруксат берилет. Окуучунун башы дем алып турушу керек жана башка деген да маселелер бар. Бүгүнкү күндө булардын үстүнөн иштеп жатабыз", - деп билдирди Гүлшан Абдылдаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Ala.too.456
2021-09-10 15:52:56
Олалбай атып хиджапка кыпчыласынарда э. Ушундайдада чыкбайбы жанагы укук коргогучтар, "биз демакратиялуу олкобуз, кааласак хиджаб киебиз" -деп.
-3
muku.85
2021-09-10 16:16:22
Мусулман мусулманды капыр кафур деп айтканы туура эмес
+4
Aybiyke
2021-09-10 16:23:13
Мен Кызыл кийим алып берипмин да каап десе Эми кайра алып берем да Эми.уктап жата бербей эртерээк эскертсенер болмок да айылда мен бир ай мурда эле сабиз сатып алып бердим эле да каап каап
+2
bond0202
2021-09-10 18:55:46
Aybiyke,сабиз эксен бай экенсинер.дагы деле алып бере бергиле
-2
Elyar84
2021-09-10 19:31:12
Неге эле хижапка асыла бересинер хижаптагы кыздар адептуу ыймандуу болуп тарбия алып атпайбы. Музейде туума жыланач жургондорго тыюу салбадынар элего. Аллахтын окумуно каршы чыгып бир балээге жолукпагыла.
+1
Elyar84
2021-09-10 19:34:19
Урматтуу президент хижап маселесин чечип койсонуз жакшы болмок мусулман адам болгондон кийин мусулмандын кийимин кийишет да же хижап кийгендер мамлекетке зыян келтирип атышабы?
+1
Antiradikal3
2021-09-10 23:57:47
Elyar84, мусулман болуу учун хиджап кийуу шарт эмес..... Динди илимден эмес, кийимден издеп калышкан карангы диний фанаттар........
+1
Elyar84
2021-09-10 19:35:30
Хижап менен жургон кыздар мектеп билимин алышпай калабы анда хижапты чечпесе
+1
Antiradikal3
2021-09-10 23:58:22
Elyar84, медресеге барсын. Ошончо медресе бар........
+1
bond0202
2021-09-10 21:47:27
Хиджабы жок эле окусун окуучу деген.бугун хиджапка жооп берсе эртен эркек балдар сакал койобуз деп чыгышат.мектепти буткондо да улгурот ниети болсо.сакалчандар менен оронгондор минусту баскыла алынардын жетишинче
+4
Mylatka..
2021-09-10 22:17:03
bond0202,минус бастым)Мектепте кыздар арасында боюнан алдыруу,төрөп койуу акыркы жылдары өсүп кетти.Ал нерсе эч кимди ойлондурбайт бирок жоолук салынса ойлондурат.Кана ошо кыйкырып жоолукка каршы чыгып , музейге жыланач кызды бастырып койгон атка минер болгондор,укук коргоочулар ,бирөө жарымы кыздардын мектепти бүтпөй бузулуп ,атасынын төрүндө төрөп атканына күйүп бышканы барбы???
-2
Antiradikal3
2021-09-11 00:01:22
Mylatka.., кыз женил ойлуу болсо, хиджап жардам бербейт.....

Нурзат Токтосунова оронсо оронбосо деле эрден эр алмаштырып журот мисалы. Ошондой эле кеп. Женил ойлуу аягы суюктар хиджап кийип да ойной берет.......
+1
Antiradikal3
2021-09-11 00:06:09
Бул минтстрлик алжып калганбы? Эркин форма дегенден кийин кааласа кызыл-тазыл, кааласа жашыл, кок, сары кийим кийет. Доорубосун...

Как будто эл май кол, сут кол жашоодо жашап жатса дагы..... Айрымдар уялганынан эптеп бутун кийим таап беруу учун карыз сурап журот. Эн арзаны болсо дагы. Бензиндин баасын кара, сабиздин баасын кара да, элдин маянасын кара. Министрликте мээси иштебеген манкурттар иштейт да........
+2
Kari
2021-09-12 03:57:54
Балдар учун ата эне алдын ала шарт тузуш керек,анан да бала пландалган бала болсо.Бага алууга,камсыз кыла алсанар тороп дегендей.Мектепте окуучулардын тендиги учун,ак кара кийим бул жакшы,турдуу формага уруксат берсе анда окуучу менен мугалимдин айрымасы калбайт.Негизи кийим эмес,билим денгээлин онуктуруу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан