10-сентябрда Португалиянын мурдагы президенти Жоржи Сампайю 82 жашында Лиссабондо дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки апта мурун Жоржи Сампайюнун дем алуусу начарлап ооруканага жеткирилген. Ал көптөн бери жүрөк дартынан жапа чегип жүргөн. Сампайю 1939-жылы Лиссабондо туулган жана 1996-жылдан 2006-жылга чейин Португалиянын президенти болгон.
2006-жылдын май айында президенттик мөөнөтү аяктаганда, БУУнун башкы катчысынын кургак учукка каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган.