СИЗО №1де камакта жаткан жаран убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн каза болгон

СИЗО-1де убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн тергөөдөгү адам каза болду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, СИЗО №1де жаткан 1955-жылкы К.И.нин жактоочусу А.Э. арыз менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылган. Кылмыш жана жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмышка шектелген жаран ден соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ЖАМКнын №47 мекемесине которууну суранган. Бирок анын жактоочусунун тергөө органдарына жана №1 тергөө изоляторунун жетекчилигине берген өтүнүчтөрү эске алынган эмес. Жыйынтыгында, медициналык жардамдын өз убагында көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана адистештирилген медициналык мекемеге которуу өтүнүчтөрүнө көңүл бурулбагандыгынын натыйжасында, ал киши диабетикалык комага түшүп калган. 26-июлда ал оор абалда №47 жаза аткаруу мекемесине "Тез жардам" менен жеткирилип, 10 күндөн кийин каза тапкан.

Бүгүнкү күндө №2 аялдардын түзөтүү абагынын медсанитардык бөлүмүндө оор абалда Р.М. жана Т.Д. аттуу жарандар жатышат. Биринчи оорулуу колониядан 4 жолу инсульт алган, 3-даражадагы артериялык гипертония, бөйрөк жетишсиздиги, аорта жана мээ артерияларынын атеросклерозу жана 2-даражадагы дисциркулятордук энцефалопатия менен жабыркайт. Экинчи соттолгон аял дагы дайыма медициналык жардамга муктаж. Анын мээсинде шишик бар экени аныкталган. Анын да башы бат-бат ооруп, талма оорусу менен жабыркайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан