Лионель Месси легендарлуу футболчу Пеленин рекордун жаңылады

"ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин Түштүк Американын бардык оюнчуларынын арасындагы улуттук командалар үчүн эң көп гол киргизген рекордун жаңылады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Месси 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюнунда Боливия курама командасына үч гол киргизип, Аргентина курамасындагы 77, 78, 79-голун киргизди. Муну менен түштүк америкалык футболчулар арасындагы курама команда үчүн эң көп гол киргизген футболчу болуп калды.

Буга чейинки рекорд бразилиялык футболчу Пелеге таандык болчу. Ал улуттук курама командасы үчүн жалпы 77 гол киргизген.

Аргентина - Боливия беттеши 3:0 эсебинде Аргентина курама командасынын жеңиши менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-09-11 06:52:04
79 гол менен ашып отту,сайттарды бир карап койгула.Побил рекорд деп турат,повторил деген жок
+5
ulanbek2000
2021-09-11 07:42:41
Супер кж. Заман менен бир жургулочу
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан