Орусия Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурациясына катышпайт

Орусия талибдердин мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн инаугурация аземине катышпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Орусия бул инаугурация аземине катышпайт", - деген Песков.

Буга чейин белгилүү болгондой, Ооганстандын "Талибан" кыймылынан түзүлгөн жаңы өкмөттүн инаугурация аземи АКШдагы террордук чабуулдардан туура 20 жыл өткөндөн кийин, тагыраагы 11-сентябрда өтөт. Орусия бул инаугурация аземине чакыруу алган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан