Ооганстандын "Талибан" кыймылынан түзүлгөн жаңы өкмөттүн инаугурация аземи жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маданият комиссиясынын берген маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, инаугурация эртең, 11-сентябрда өтүшү керек болчу. Азырынча жокко чыгаруунун себептери айтылган жок.
11-сентябрь АКШнын тарыхында аза күтүү күнү. Мындан 20 жыл мурун, тагыраагы 2001-жылы "Аль-Каида" террорчулары АКШга 4 жолу чабуул жасаган. Ошол күнү АКШда болгон террордук чабуулдар учурунда 2 миң 977 киши каза болгон.
Белгилей кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.