74 миң Кыргыз жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган

Бүгүнкү күндө 74 миң Кыргыз жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алардын көпчүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган.

"Сот чечимдери миграциялык мунапыс тууралуу саясий чечимдер менен жокко чыгарылышы мүмкүн эмес. Кара тизмедеги жарандар Орусияга кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүшү керек же даттануу үчүн тиешелүү негиздер болсо чечим тууралуу сотко даттануусу керек", - деп айталыт билдирүүдө.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп кара тизмеге кирген чет өлкөлүктөргө бул өлкөгө кирүүгө биротоло тыюу салынат. Ал эми административдик мыйзам бузгандардын көбү 3-5 жылга чейин өлкөгө кире албайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан