Социолог: "Коомчулукта көп киреше тапкан айымдардын саны арбын, мырзалар үчүн бул тынчсызданууну жаратат"

Жакынкы жылдары социалдык статусу жогору болгон айымдар социалдык абалы төмөн болгон мырзалар менен турмуш куруусу көп катталат. Мындай билдирүүнү Швециядагы Гётеборг университетинин социология илимдеринин профессору Эмма Энгдаль чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

"Учурда көпчүлүк кыз-келиндер жогорку билимге ээ болуп, кирешелүү кызматтарда иштешет. Ошол эле учурда алар да билимдүү жана айлык маянасы жакшы мырзалар менен турмуш курууну каалашат. Бирок баары эле андай мырзаларды жолуктура бербейт. "Kvartal" басылмасынын статистикасына ылайык, эгерде бардык айымдар үй-бүлө кургусу келсе, анда жогорку билимдүү кеминде үч айым социалдык абалы төмөн мырзага турмушка чыгууга туура келет. Мунун себеби айымдардын басымдуу бөлүгү жогорку билим алууга жана карьерасын түзүүгө умтулгандар.

Негизинен буга чейин коомчулукта аялзаты өзүнөн жогорку статуска ээ мырзага турмушка чыгуусу нормалдуу болуп саналып келген. Ал эми азыр жаңы феномен пайда болуп жатат. Коомчулукта социалдык абалы жогору болгон айымдар социалдык статусу төмөн мырзалар менен баш кошуусу кеңири тараган көрүнүштөрдүн бирине айланып бара жатат.

Ошол эле учурда көпчүлүк мырзалар мындай мамиледен кооптонушат. Себеби аялынын андан көп акча табуусу алар үчүн уялуу, тынчсыздануу жана коркууну жаратат. Ал эми айымдар үчүн эркектерге салыштырмалуу көп киреше табуу эч кандай тынчсызданууну жаратпайт. Аялзаты эркектен төмөн турушу керек деген бир талап же мыйзам эч жерде жок, бирок коомчулукта адамдар баары бир социалдык абалга көңүл бурушат. Мисалы аялы күйөөсүнөн көп акча тапкан үй-бүлөдө жубайлар ортосунда ыңгайсыздык жок болгон күндө да, алардын тааныштарынын бул абалга карата өз ойлору болот", - деген ал.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-09-11 13:05:59
Ушуларда урдура беретта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан