Бишкекте 9-ноябрда Азербайжан жазуучусу Юнус Огуздун тарыхый романдарынын бет ачар аземи өтөт

9-ноябрда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы №1-китепканада азербайжан жазуучусу Юнус Огуздун “Тамерлан: бийиктикке карай" жана “Эмир Теймур - дүйнө шаасы” аттуу чыгармаларынын бет ачары болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына  бүгүн, 5-ноябрда Борборлоштурулган шаардык китепкана тармагынын мүдүрү Күлсайра Дандыбева билдирди.

Юнус Огуздун китеби түрк тилдүү мамлекеттерди колдоо фондунун жетекчилигинин артында жарык көргөн. Аталган иш-чараны Кыргызстандагы Азербайжан конгресси, Кыргызстандагы Азербайжан координациялык фонду, “Хазар” аталышындагы коомдук уюму жана “Достук” аттуу азербайжан диаспорасы өткөрөт. Ачылыш аземге Азербайжан президентинин аппарат жетекчиси, басма сөз союзунун төрагасы Афлатуна Амашова, Азербайжан ЖМКсынын мамлекеттик колдоо фондунун аткаруучу директору Вугара Сафарли жана Азербайжан, Түркия, Казакстан, ошондой эле Кыргызстандын айрым массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан