"Айдоочу уктап кеткен". Жети-Өгүздө жол кырсыгынан 1 адам мүрт кетип, дагы экөө жаракат алды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болсо, дагы 2 адам жаракат алды. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, автокырсык 9-сентябрда таңкы саат 05:30да орун алган.
Маалыматка караганда, 24 жаштагы У.К. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен күн чыгышты тарапка бара жатып, рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, көпүрөнүн тосмосун сүзгөн.
"Күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча, айдоочу уктап кеткен. Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 213-чакырымында Конкино менен Ырдак айылдарынын ортосунан катталган кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 24 жаштагы Т.А. аттуу жүргүнчү жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми дагы бир 24 жаштагы А.А. аттуу жүргүнчү алган жаракатынан улам каза болду.
Бул окуя Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ар бир жол кыймылынын катышуучусунун коопсуздугу биринчи кезекте адамдын өзүнөн көз каранды жана жол коопсуздугунун стандарттарын сактоого болгон каалоосун түшүнүүсү зарыл экендигин эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан