Орусиялык ырчы МакSим ооруканадан чыккандан кийинки биринчи ырын тартуулады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал айыккандан кийин дароо эле 12 жашында аткарган "Заведи" аттуу кайра жазылган ырын тартуулады. Композицияны Казандын "Pro -Z" тобунун мүчөлөрү - Олег Мифтахов жана Дмитрий Чуев жаратышкан. "Мен бул ырды ырдаганда 12 жашта болчумун. Мен анда кичинекей кыз элем, Казанда жашачумун", - деди ырчы.
Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.
Андан соң ырчынын акырын басып, сейилдеп жүргөн видеосу социалдык тармактарга тараган.