Алтын бар! Кыргыз спортчулары Татарстанда өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинен олжолуу кайтышты

Татарстандын Мамадыш шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргыз спортчулары ийгилик жаратып, 3 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште өлкө намысын коргогон спортчу Нурданбек Курманбек уулу каршылаштарынын баарын жеңүү менен алтын медаль тагынып, Дүйнө чемпиону аталды.

Ал эми Феруза Курстанбек кызы 70 килограмм салмакта күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле 85 килограмм салмакта күрөшкөн Канзатбек Мустапакул уулу коло медаль жеңүүгө жетишкен.

Белгилей кетсек, бел боо күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги Татарстанда 5-7-сентябрь күндөрү болуп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-09-11 18:40:59
Кут болсун алтын, кумуш жана коло медалынар азаматсынар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан