Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы мүчөсү алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, А.Д. аттуу жаран БШКнын азыркы мүчөсү А.Э.ге карата чара көрүү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. БШКнын азыркы мүчөсү А.Э. "Кыргызстан" саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыз менен кайрылган жарандан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 000 АКШ доллар өлчөмүндө акча алган.
Бирок жогоруда көрсөтүлгөн адам өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 миң долларын А.Д.га кайтарып берип, калган 250 миң долларды өзүнө ыйгарып алуу менен арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.
2021-жылдын 11-сентябрында А.Э.нын БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен ал башкы прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү менен (алдамчылык) өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө А.Э.ны УКМК тергөө жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.