Дүйнө эли 20 жыл мурунку Нью-Йорктогу каргашанын курмандыктарын эскеришет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Мындан 20 жыл мурун, тагыраагы 2001-жылдын 11-сентябрында тарыхтагы эң кандуу террордук чабуул жасалган. Төрт жүргүнчү учагын барымтага алган 19 жан кечти 3 миңдей адамдын өмүрүн кыйган. Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасына барымтага алынган эки учак келип урунган. Үчүнчү учакты жан кечтилер Пентагон жайгашкан имаратка айдашкан. Төртүнчү учактагы жүргүнчүлөр террорчуларга каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, натыйжада учак Пенсильвания штатындагы талаага кулаган. Мунун баары бир убакта - 1 саат 42 мүнөттүн ичинде болгон. Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасын учак жарып кирген учурда 1366 адам каза болгон. Алардын көбү учактын мунарага кулаган кезинде көз жумса, айрымдары уранды менен күйүктөн алган жаракатынан көз жумган.
Бул кандуу каргашадан кийин көптөгөн өлкөлөрдүн бийликтери улуттук коопсуздукка болгон көз караштарын түп-тамырынан бери кайра карап чыгышты жана АКШ бийлиги көптөгөн жылдарга созулган террорчулукка каршы күрөшүүнү баштаган. Өзгөчө кырдаал болгондон көп өтпөй дүйнөлүк жана жергиликтүү маалымат каражаттары теракттын башында Усама бен Ладен турат деген божомолду жаза башташкан. Жардыруудан бир нече саат өткөндөн кийин Федералдык иликтөө бюросу терактка шектелген жарандардын аты-жөнүн жарыялаган. 2002-жылы Америка өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия өздөрүнүн отчётунда терактты "Аль-Каида" экстремисттик уюмунун мүчөлөрү ишке ашырганын окушкан. Анда бул терактты ишке ашырууга 400 миңден 500 миң долларга чейин акча каражаты сарпталгандыгы белгиленген.
Бул кандуу датага карата АКШда курмандыктарын эскерүү үч жерде өтөт. Президент Жо Байден Нью-Йорктогу эгиз мунаранын ордуна барып, эскерүү чарасына катышат. Андан кийин президент Пентагондогу үчүнчү учак кулаган жерге барат. Соңунда президент Байден жана вице-президент Камала Харрис Пенсильваниядагы төртүнчү учак кулаган Шанксвилла талаасына барып, маркумдарды эскерет. Дүйнөдөгү ири массалык маалымат каражаттары бул күнгө арналган эскерүүлөрдү өткөрүшөт.