Белгилүү футболчу Криштиану Роналду англиялык "Манчестер Юнайтед" клубундагы алгачкы беттешинде эле 2 гол киргизди.
Бүгүн, 11-сентябрда Премьер-Лиганын 4 турдук оюндарынын алкагында "Манчестер Юнайтед" командасы өз үйүндө Ньюкасл командасын кабыл алды. Беттеште Криштиану Роналду негизги курамда талаага чыкты.
Аталган оюндун алгачкы бөлүгү аяктап, оюн калысы кошумча мүнөт кошуп берди. Бул убакытта Криштиану Роналду Ньюкаслдын дарбазачысынан кайткан топту дарбазага багыттап, эсеп санын ачуу менен "Манчестер Юнайтед" клубундагы алгачкы голун жаратты.
Ошондой эле беттештин 62-мүнөтүндө өнөктөшүнөн келген пасты туура жөндөп, 2-голун киргизүүгө жетишти.
Аталган беттеш 4:1 эсебинде "Манчестер Юнайтеддин" жеңиши менен аяктады.
Оюндагы башка голдорду "Манчестер Юнайтед" командасынан Брунду Фернандеш менен Жейси Лингард киргизсе, Ньюкаслдын жалгыз голун 56-мүнөттө Манкильо ишке ашырды.
Эске салсак, Криштиану Роналду 27-августта Италиянын "Ювентус" клубунан "Манчестер Юнайтед" клубуна өткөн. Ал бул клубда буга чейин 2003-2009-жылдар аралыгында да оюн алып барган.