Садовое айылында турак жайдан чыккан өрттүн себеби аныкталды

Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында турак жайдан чыккан өрттүн себеби аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 11-сентябрда Фрунзе көчөсүндөгү турак үйдө өрт чыгып, 1940-жылы туулган Ф.В. аттуу аял киши кулап түшүп, денесинен жеңил жаракат алган. Кароол башчы күйүп жаткан үйдүн терезесин сындырып, жаракат алган аялды үйдүн ичинен көтөрүп чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген.
Өрттүн кесепетинен үй, сарай, бастырма, тандыр, портер үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти. Жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт.
Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган.
Өрт саат 15:50дө чектөөгө алынып, 17:00дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан