Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында мекендешибиз Калыс Нурланбек уулу каратэ спорту боюнча алтын медаль жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Калыс Нурланбек уулу 67 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Ал алгачкы беттешинде орусиялык спортчуну 5:1 эсебинде жеңген.
Ошондой эле жарым финалда Беларусь өлкөсүнүн спортчусун 3:0 эсебинде утуп алган.
Ал эми финалда алтын үчүн болгон таймашта мекендешибиздин атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу кыргыз спортчусу автоматтык түрдө жеңишке ээ болгон.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндары жыйынтыкталып жатат. Мелдештер 4-сентябрда башталган.