Казакстандагы жарылуудан каза болгондордун саны 17ге жетти

Казакстандагы жарылуудан каза болгондордун саны 17ге жетти. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11 -сентябрда Жамбыл облусундагы жардыруулардан жаракат алган 1993-жылы туулган өрт өчүрүүчү каза болду. Ал Нур-Султандагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун ооруканасына жеткирилип, дарыланып жаткан.

Белгилей кетсек, 26-августта кечки саат жетилер чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын натыйжасында кампада бир катар жарылуулар болгон.

Жалпысынан 10 жарылуу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан