Баткенде жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Лейлек районунун Исфана-Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында эки унаа кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (1991-жылы туулган Х.А., 1978-жылы туулган М.Т.) каза болуп, 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.