АКШ президенти Жо Байден Нью-Йоркто 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук кол салуудан курман болгондорду эскерүү аземинде бет кабын чечип кыйкырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мурдагы америкалык лидерлердин курчоосунда турган Байден бет кабын чечип, элге бир нерсе деп кыйкырган. Жо Байдендин эмне деп кыйкырган жакшы угулган эмес.
Бул Жо Байден коомдук иш-чараларда өзүн уят кылган биринчи учур эмес. 30-августта Кабулда курман болгон америкалык аскерлерди эскерүү аземинде президент саатын улам-улам караган. Буга америкалык жарандар ал башкы командирлик милдетин унутуп, курман болгон жоокерлерди сыйлаган жок деп нааразы болушкан.
АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салуулардын 20 жылдыгына карата аза күтүү иш-чаралары өткөрүлдү. Нью-Йорктогу дүйнөлүк соода борборунун кулаган эгиз мунарасы жайгашкан жердеги азем бир мүнөт унчукпоо менен башталды. Иш-чарага мурдагы демократиялык президенттер Барак Обама менен Билл Клинтон жана учурдагы мамлекет башчысы Жо Байден катышкан.