Кыргыз балбандары Калы Сулайманов менен Бексултан Махмудов Орусиянын Новосибирск шаарында 25-ирет өткөрүлгөн "Александр Нестеренканын айкели" аталышындагы мелдеште эки коло байге утушту.
Маалыматка ылайык, Калы Сулайманов бул турнирге 63 килограмм салмакта катышса, Бексултан Махмудов 97 килограмм салмакта катышты. Бул турнирде 6 өлкөдөн (Казакстан, Беларусь өлкөсү, Орусия, Сербия, Эстония жана Кыргыз өлкөсү) жалпы 150 балбан күч сынашты.
Ал эми турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 19 балбан катышты.