Куудул Тынар Курбаналиев парламенттик шайлоого катышууга даярданууда. Анын аткара турган иштери көп экени өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Парламенттик шайлоого катышайын деп даярданып жатам. Бир мандаттуу округ боюнча аттанайын деп турам. Башкаларга окшоп кнопка басып, өзүнүн байлыгын коргоо үчүн эмес. Коргой турган байлыгым же жеке ишим деле жок, максатым карапайым эл үчүн пайдалуу иштерди кылуу. Эл алдында ким менен болсо дагы дебатка чыкканга даярмын буюрса", - деди ал.
Буга чейин Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев дагы шайлоого катышуу ниети бар экенин айткан.