4-ноябрь күнү жаш балдардын катышуусунда 5 жол кырсыгы катталган

4-ноябрь күнү жаш балдардын катышуусунда 5 жол кырсыгы катталганын Бишкек ШИИББинин
Жол-кайгуул кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, жол кырсыктарынын баары жөө жүрүүчүлөргө арналган жолдо болгон. Биринде 16 жаштагы кыздын жамбаш сөөгү сынып, Бишкек шаарындагы Ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми Гагарин көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан автоунаа 6 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан