"210 миң сомун алып кеткен". Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Ысык-Көл облустук милициясы алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын башында Ак-Суу айылынын 28 жаштагы Б.У. аттуу тургуну Каракол ШИИБине арыз менен кайрылган. Анда Бишкектен 40 тонналык үч контейнер алып келүүнү убадалап 210 миң сомун алып, изин суутуп кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 34 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалды. Учурда дагы 10 факты боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу башка кылмыштарга бул адамдын тиешеси болушу мүмкүн экендиги аныкталууда. Каракол ШИИБи шектүүнүн аракетинен жабыркаган бардык адамдарды милицияга арыз менен кайрылууну же нөөмөт бөлүмүнө чалууну суранат. Байланыш номерлери: 03922 5 13 80, 0708 049 244.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан