"Тime" басылмасы Бритни Спирсти "Жылдын эң таасирдүү адамы" деп тапты

Белгилүү ырчы Бритни Спирс Американын "Тime" журналынын тандоосу боюнча эң таасирдүү 100 адамдын тизмесинде окурмандардын добуштары менен биринчи орунду ээледи. Мындай маалымат аталган журналдын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 1,8 миллионго жакын адам добуш берген.

"Бритни Спирс жалпы добуштун 4 пайызын алды. Мындай жыйынтык дүйнөлүк басма сөздүн көңүл буруусуна байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби Бритни Спирс көп жылдан бери сотто өзүнүн жагдайлары жөнүндө ачык сүйлөп, атасы Жеймс Спирстин ага карата камкордугун токтотууну суранып келген", - деп жазылат маалыматта.

"Ал эми добуштардын 3,1 пайызын топтоп, экинчи орунду медициналык кызматкерлер ээледи. Кийинки орунга COVID-19 вирусуна каршы вакциналарды иштеп чыгуучулар (2,5 пайыз) жайгашса, төртүнчү орунду 2,1 пайыз менен K-pop тобу BTS ээледи".

Эске салсак, буга чейин ырчынын атасы кызына камкордук кылуудан баш тартып, аны башка адамга камкордукка берүүгө даяр экенин айткан. Жеймстин жактоочусунун айтымында, ал мындай чечимин кызы менен эл алдында тартышууну улантууну каалабаганы менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, Американын "Time" журналы 1923-жылдан бери ар апта сайын чыгарылып келет. Ал дүйнөдөгү номер биринчи жаңылыктар басылмасы деп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal3
2021-09-13 12:58:33
Таймстын крышасы кетип калыптыр.......
+3
Ala.too.456
2021-09-13 13:18:55
Булар эптеп эле озунун адамдарын которо берет экенда...
-1
Rusi79
2021-09-13 14:44:21
Эмнеге тасир кылыптыр,атасы менен сотошуп жаман "таасир"калтырганы эле болбосо.Манкурт заман.
0
Luntik
2021-09-13 16:58:51
Картайыптыр Бритни
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан