Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган Баткендин тургуну үй камагына чыкты

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган Баткендин тургуну үй камагына чыкты. Учурда ал Тажикстандын Хожент шаарында экени Баткен ОИИБинин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Азыркы тапта эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалашат мекемеден.

Эске салсак, 6-сентябрда саат 20:00 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматов коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган. Кыргыз жергесинин аймагында дары чөптөрдү чогултуп, Үч-Дөбө айылы тарапка бара жатканда Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Акматовду Тажикстандын жарандарына чөп сатуу ниети бар деп айыптап, транзиттик жолдон кармап кетишкен. Кармоо учурунда Кыргыз жаранынын жанынан 100 килограмм болгон болжол менен чайыр чөп же чаар куурай табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан