Канадалык ырчы Жастин Бибер MTV Video Music Awards сыйлыгында жылдын ырчысы аталды

Канадалык эстрада ырчысы Жастин Бибер MTV Video Music Awards сыйлыгынын "Жылдын мыкты ырчысы" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жастин Бибер өткөн жыл баарына оңой болбогонун белгилеп, айрыкча быйыл үйлөнгөн жубайы Хейли Болдуинге ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, жыл сайын берилүүчү сыйлык MTV музыкалык каналы тарабынан 1984-жылы видео категориясындагы музыкалык Грэмми сыйлыгына альтернатива катары негизделген. MTV VMA'га талапкерлерди атайын калыстар тобу аныктайт (анын курамына продюсерлер, рекорддук компаниялардын өкүлдөрү жана прессалар кирет), кээ бир номинацияларда жеңүүчүлөр MTV сайтында добуш берүү аркылуу көрүүчүлөр тарабынан аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-09-13 17:36:48
Быйылкы жылы The Weekend ото кучтуу ачылды,хит артынан хит жаратып
+1
Marni
2021-09-13 19:45:37
Dembele84,ооба, оюңузга кошулам. "Save Your Tears" деген ырын уккандан тажабайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан