Мурас-Ордо жаңы конушундагы окуучу баланын өлтүрүлүшүнө күнөөлөнүп жаткан бир тууган агасы үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө кесилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, шектүү күнөөлүү деп табылган.
"Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесине ылайык, С.А үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулду", - деп билдиришти соттон.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 17-мартында Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн жаш баланын жансыз денеси табылган. Анда өспүрүм бычактан жаракат алып, киши колдуу каза болгону аныкталган. Каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу бала экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керектиги, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 17 жаштагы агасы карап калганы маалымдалган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип, каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айтып берген.