Чүйдө эки өспүрүм уурулукка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кемин районунда жайгашкан дүкөндөрдүн бир нече ээлери уурулук фактысы боюнча арыз менен Кемин райондук милиция бөлүмүнө кайрылып, дүкөндөрдүн кулпусун бузуп кирип, акчаларды, уюлдук телефондорун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан.
Кемин РИИБинин кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 15 жаштагы жана 11 жаштагы эки өспүрүмдү кармашты.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Учурда милиция кызматкерлери кармалган өспүрүмдөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун текшерүүдө.