реклама
super.kg logo

"Коррупция же искусство". Опера жана балет театрынын артисттери президентке кайрылуу жасашты

 

Бүгүн, 13-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери маалымат жыйында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Кайрылууда театр кызматкерлери менен жетекчиликтин ортосунда эмгек келишиминин жоктугунан улам бир топ кадрлардын жумуштан кетүүсү жана аларга карата куугунтуктоолор, кысымдар болуп жатканы айтылды.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз 2021-жылдын 29-январында инсандын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө жана дене тарбиясы жөнүндө жарлыкка кол койгонсуз. Азыр Эмгек сиңирген артисттер, эл аралык сынактардын лауреаттары жана таланттуу музыканттар жогорку жетекчилик менен иштөөгө макул болбогондуктан, жумушсуз калышты. Ошондуктан опера жана балет театрынын көйгөйлөрүнө өзүнчө көңүл буруп, мекемелер аралык комиссия түзүүнү жана кадр маселесин чечүүгө жардам берүүңүздү суранабыз", - деп кайрылышты.

Ошондой эле балет бийчиси Керемет Болотбекованын айтымында, бул көйгөйлөр 6-марттан бери көтөрүлүп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине, президенттин аппарат жетекчилигине жана Жогорку Кеңешке кайрылуулар болгон, бирок эч кандай татыктуу жооп болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: