Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Турусбек Түмөнбаев 2020-жылы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалган.